БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Mariya (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ҮЛҮШТҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР, л и л и о п с и д д е р (Monocotyledones же Liliopsida) – урук түйүлдүгүндө бир гана урук үлүшү бар жабык уруктуу өсүмдүктөр классы. Аларга өсүмдүктүн 80 тукуму, 2600 уруусу жана 60 миӊдей түрү кирет. Эки үлүштүүлөрдөн айырмасы алардын негизги тамыры эрте солуп, кошумча жан тамырлар пайда болот. Сабагы менен тамырында камбий болбогондуктан жоонойбойт. Жалбырагы көбүнчө жарыш жана дого сымал тарамыштуу сапсыз, сабакка жазы негизи менен бекийт. Көпчүлүгү кайчы гүлдүү (кара буудай, жүгөрү, сорго ж.б.), кайчылаш, айрымдары өзү менен өзү (арпа, буудай ж. б.) чаӊдашат. Гүлдөрү үч мүчөлүү, айрымдарынын гүл коргону жөнөкөй. Көпчүлүгү чөп өсүмдүк болгондуктан, мелүүн алкакта, шалбаа, талаа, саванналарда өсөт. Дарактары тропикте, кээде субтропикте кездешет. Адам тиричилигинде алардын мааниси чоӊ, негизги тамак-аш жана тоют өсүмдүктөрү: буудай, арпа, сулу, жүгөрү, шалы, бал камыш ж. б. Дарылык касиетке ээ түрлөрү да бар.
К. Т. Шалпыков.