БАРИОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИОНДОР (гр. barys – оор) – жарым спиндүү жана массасы протондукунан кичине эмес «оор» элементардык бөлүкчөлөр тобу. Аларга протон, нейтрон, гиперон, резонанс бөлүкчөлөрүнүн тобу ж. б. кирет. Алардын эӊ жеӊили – протон, нейтрондон 1886 эсе оор болгондуктан, бариондор деп аталат. Алардын эӊ туруктуусу протон, калгандары туруксуз жана алар бара-бара ажырап, протонго же жеӊил бөлүкчөгө айланат. Бариондор күчтүү, электр-магниттик, алсыз жана гравитациялык аракеттешүүгө катышат.