БОРН Макс

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:29, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page БОРН to БОРН Макс) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРН Макс (11.12.1882, Бреслау, азыр Вроцлов –5.1.1970, Гёттинген) – немец физика теоретиги, квант механикасын түзүүчүлөрдүн бири. Россия ИАнын чет элдик корреспондент-мүчөсү (1924), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1934). 1933-жылдан Улуу Британияда, 1953-жылдан Германияда иштеген. Квант механикасын статикалык жол менен түшүндүргөн. Кристалл торчосунун динамикалык теориясы, атом физикасы, оптика жана табият таануунун философиясы боюнча эмгектери бар. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1954).