БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРАМАЛУУ КЫЙМЫЛ ӨТКӨРГҮЧ – айлануу кыймылын түз сызыктуу кыймылга айландыруучу механизм. Негизинен эки тетиктен – бурамадан жана буроодон турат. Алар негизги өзгөчөлүктөрүнө, конструкциясынын жөнөкөйлүгүнө, катыш сандын чоӊдугуна, көбүрөөк сүрүлүшүнө жана пайдалуу аракет коэффициентинин кичинелигине жараша колдонулат. Аларда трапециялык, тик бурчтук ж-а такалма бурама сай жасалат. Конструкциясы боюнча жөнөкөй сүрүлүүчү, гидростатикалык жана шариктүү болуп бөлүнөт. Кийинки 2 түрдө сүрүлүү суюктуктук же тоголонмо болгондуктан, пайдалуу аракет коэффициенти 0,98–0,99 га жетет. Шариктүү бурамалуу кыймыл өткөргүч программа боюнча башкарылуучу станоктордо, самолёттордун шассисин көтөрүп-түшүрүүчү механизмде, автомобилдин рулдук башкаруу системасында жана ар кандай приборлордо пайдаланылат.