БРОШЮРА
БРОШЮ́РА (фр. brochure) – чакан китепче. Эл аралык басма сөз практикасында кеӊири таралган. Ал 5–48 беттен турат, жука мукабалуу, мезгилдүү эмес. Баасынын арзандыгы, окуганга жеӊил жана ыӊгайлуулугу менен массалык басма сөз пропагандасында кеӊири колдонулат. Брошюра алгач Реформация доорунда пайда болуп, Улуу француз революциясы мезгилинде жашыруун чыгарылып турган. Кыргызстанда коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, айыл чарба, маданий-көркөм, таалим-тарбия жана башка маселелерге арналган Брошюралар чыгарылат.

