БУТАКТАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:48, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАКТАНУУ ө с ү м д ү к т ө – жаӊы өркүндүн пайда болушу жана алардын сабакта, көп жылдык бутакта, тамыр сабакта тармактанышы. Бутактануунун натыйжасында өсүмдүктүн чөйрө менен байланышкан бетинин аянты кеӊейип, тиричилиги үчүн керек азык заттарды, күн энергиясын көбүрөөк алууга мүмкүндүк түзүлөт. Анын бир нече түрү белгилүү. 1. Д и х о т о м и я л ы к же ачаланып бутактануу. Мында өсүү конусунан бирдей эки бутак өсүп чыгат, өз кезегинде алардын ар биринен дагы экиден бутактар пайда болот д. у. с. 2. Айрым өсүмдүктүн негизги сабагынын чоку бүчүрү өсүшүн токтотуп, анын алды жагындагы тушташ эки каптал бүчүрлөрдөн эки бутак өнүп чыгат. Алар белгилүү өлчөмдө узарганда өсүшүн токтотот да ар биринен экиден бутак пайда болот. Мындай бутактануу ж а л г а н д и х о т о м и я л ы к деп аталат. 3. М о н о п о д и я л ы к бутактанууда негизги башкы сабак узунунан өсүүсүн токтотпойт да, анын өсүү конусунда калыптанган каптал

Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өркүнүнүн бутактануу
схемасы: 1 – дихотомиялык (а – изогамия; б – анизогомия);
2 – моноподиялык; 3 – симподиялык.

бүчүрлөрдөн каптал бутактар өсүп, ал бутактардан экинчи катардагы каптал бутактар пайда болот. Негизги бутак каптал бутактарга караганда ылдамыраак өсүп, жоон жана узун болот. Бул бутактануу пальма, карагай ж. б-га мүнөздүү. 4. С и м п о д и я л ы к б утактанууда чоку бүчүр белгилүү мезгилден кийин өсүшүн токтотуп, андан бир аз төмөнүрөөк жайгашкан каптал бүчүр өсөт, ал өсүүсүн токтоткон кезде каптал бүчүр бутактанат. Мындай бутактануу көпчүлүк дарак (кайыӊ, терек, тал ж. б.) жана чөп (дарбыз, картошка ж.б.) өсүмдүктөргө мүнөздүү. Бутактануу сабакта гана эмес, тамырда, топ гүлдө, тарамыштарда (өткөргүч боочолордо), жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн талломдорунда да болот. Ал өсүмдүктүн сырткы көрүнүшүн (габитусун) аныктайт.
К. Т. Шалпыков.