БУТИЛ СПИРТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТИ́Л СПИРТТЕРИ – спиртке мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук. Анын 4 изомери белгилүү: бутанол-1 СН3(СН2)3ОН, кайноо t 117,4°С. Өнөр жайда глицерин, глюкоза, крахмал ж. б. углеводдорду ферменттик ачытуу жана синтез жолу менен алынат; бутанол-2 СН3СН2СНОНСН3, кайноо t 100°С, β-бутиленди гидролиздөөдөн алууга болот; изобутил спирти (СН3)2СН–СН2ОН, кайноо t 107,5°С, катализатордун катышуусунда СО менен Н2нин аралашмасынан синтезделет; триметилкарбинол (СН3)3СОН, кайноо t 82,9°С, изобутиленди гидратациялоодон алынат. Алар – химиялык касиеттери боюнча кадимки алифаттык спирттер. Үчүнчүлүк бутил спиртинен башкалары окистенип, карбонилдүү бирикмелерди пайда кылат. Өндүрүштө мочевина-формальдегид чайыры үчүн модификатор, пластификаторлорду алууда жана этил целлюлозаларын өндүрүүдө эриткич катары, татаал эфирлерди, жуугуч заттарды ж. б. синтездөөдө колдонулат.