БӨЛЧӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 4 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛЧӨК а р и ф м е т и к а л ы к – 1дин бир же бир нече барабар бөлүктөрүн (үлүштөрүн) туюндурган сан. Бөлчөк a/b (же a/b) символу менен жазылат, мында а ж-а b – бүтүн сандар. Бөлчөктүн бөлүмү b канча барабар бөлүккө бөлүнгөнүн, ал эми алымы a ошол бөлүктөрдөн канчоо алынганын көрсөтөт. Эгер бөлчөктүн алымы бөлүмүнөн кичине болсо, анда a/b бөлчөгү дурус бөлчөк, тескерисинче болсо буруш бөлчөк, бөлүмү 10 санынын даражасы түрүндө көрсөтүлгөн бөлчөк ондук бөлчөк деп аталат. Эгер a/b бөлчөгүнүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга көбөйтсөк, бөлчөктүн чоӊдугу өзгөрбөйт. Ошондуктан, каалагандай a/b ж-а c/d бөлчөктөрүн бирдей бөлүмгө келтирсе болот. Мындан сырткары, бөлчөктүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга бөлүп, аны кыскарта алабыз. Натыйжада каалаган бөлчөктү кыскарбас бөлчөк түрүндө көрсөтсө болот. Бөлүмдөрү бирдей a/b ж-а c/b бөлчөктөрүн төмөнкү эреже боюнча кошуп, кемитебиз:
b/ṯṰṰ
a c
d
c
b
a 􀁲
􀁲 􀀠 .Бөлүмдөрү ар түрдүү a/b ж-а c/d Бөлчөктөрүн кошуп, кемитүү үчүн аларды жалпы бөлүмгө келтирүү, башкача айтканда b ж-а d сандарынын эӊ кичине жалпы бөлүнүүчүсүн табуу керек.