ГОМОЛОГИЯ
ГОМОЛО́ГИЯ ( гомо... ж-а ...логия) п р о е к ц и я л ы к г е о м е т р и я д а – проекциялык тегиздикти өз ара бир маанилүү проекцияга өзгөртүп түзүү; мында Гомология огу кыймылсыз бойдон калат. Гомологияда теӊдеш өзгөртүп түзүү болуп эсептелбеген бардык тиешелүү чекиттерди туташты

руучу түз сызыктар ( ж-а , ж-а ) Гомологиянын борбору болгон чекитинде, ал эми тиешелүү түз сызыктар ( ж-а ) Гомология огунда кесилишет. Эгерде борбору Гомология огунда жатпаса, анда Гомология өзгөчө эмес (гиперболалык); Гомология огунда жатса, анда өзгөчө (параболалык) деп аталат (к. сүрөт). Гомология адатта борбору, огу ж-а дал келүүчү эки чекити м-н берилет. Гомология өздүк (чектүү) борбору ж-а өздүк эмес (чексиз алыстатылган) огу м-н берилсе гомотетия, өздүк эмес борбору ж-а өздүк огу м-н берилсе параллель которуу болот. Тегиздикти ар кандай проекциялык өзгөртүп түзүү эки өзгөртүп түзүүнүн – Гомологиянын ж-а жылдыруунун көбөйтүндүсү болот. Гомология т о п о л о г и я д а – көптүктөрдү чектөө жөнүндөгү элестетилген көз карашты формалдаштыруу.