ГРАНАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 11 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Бекзат (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАНАТТАР (лат. granatus – бүртүкчөлүү) – силикаттар классындагы минералдар тобу. Химиялык жалпы формуласы , мында R2+ – Mg, Fe, Mn, Ca; R3+ – Al, Fe, Cr. Химиялык элементтердин изоморфтук алмашуусу болушу мүмкүн.

Ошого байланыштуу азыркы учурда Гранаттар эки катарга бөлүнөт: 1) магний-марганец темирлүү Гранаттар – пироп Mg3Al2[SiO4]3, а л ь м а н д и н Fe3Al2[ S iO4]3 , спессартин Mn3Al2[SiO4]3; 2) кальцийлүү Гранаттар – гроссуляр Са3Al2[SiO4]3, андрадит Са3Fe2[SiO4]3, уваровит Са3Сr2[SiO4]3, өтө сейрек гольдманит Са3V2[SiO4]3. Ошондой эле табиятта гидрогранаттар (плазолит Са3Al2[SiO4]2 (OH)4 ж. б.) ж-а аталган катарлар ичинде аралаш курамдуу Гранаттар да кездешет. Гранаттар куб сингониясында кристаллданат. Өӊү ар түрдүү: түссүз, жашыл, саргыч, күрөӊ, кара, кызыл, кочкул кызыл ж. б. Катуулугу курамына байланыштуу Моос шкаласы б-ча 6,0–7,5; тыгыздыгы 3,2–4,3 г/см3. Гранаттар табиятта көбүнчө контакттуу метасоматоз тоо тектеринде, гранат скарндарында, пегматит тарамдарында болот, алар гнейс ж-а метаморфизмделген сланецтерди түзүүчү минералдардан ж-а магмадан пайда болот. Эклогит, кимберлит сыяктуу өтө тереӊдикте пайда болуп, метаморфизмге чалдыккан негиздүү тоо тектерде, гидротерм тарамдарында ж-а ар түрдүү кен чачындыларында (россыпь) кеӊири тараган. Кээ бири (пироп) дайыма алмаз м-н бирге кезигет (мисалы, Якутиянын кимберлит түтүктөрү). Гранаттардын мөлтүр тунук кооз түстүүлөрү ж-а ири кристаллдарды пайда кылуучу түрлөрү (демантоид, пироп, альмандин ж. б.) зергерлик иште асыл таш катары колдонулат. Күӊүрт түстүү катуу Гранаттардан техникалык жылмалагыч материал жасалат.