ГИДРОДИНАМИКА КАРШЫЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 18 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Бекзат (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОДИНА́МИКА КАРШЫЛЫГЫ – суюктук ичиндеги кыймылдаган нерсенин каршылыгы же түтүк, канал ж. б-дын беттеринин суюктук кыймылына жасаган каршылык күчү. Кыймылсыз нерсени суюктук же газ агымы айланып агып өтсө же тескерисинче кыймылсыз суюктукта нерсе кыймылдаса, анда нерсеге аракет этүүчү бардык күчтөрдүн башкы векторунун кыймыл багытына карай түшүрүлгөн проекциясы Гидродинамика каршылыгынын чоӊдугун берет. Ал м-н аныкталат, мында – чөйрө тыгыздыгы, – ылдамдык, – нерсенин аянты, коэфф. Учуучу аппараттардын Гидродинамика каршылыгы аэродинамикалык каршылык деп аталат. Гидродинамика каршылыгынын коэффициенти нерсенин формасына, кыймылдын багыты м-н окшоштук критерийине салыштырмалуу анын абалына көз каранды. Нерсенин бетинин ар бир элементине суюктуктун аракет эткен күчү нормалдуу ж-а жаныма түзүүчүлөргө, башкача айтканда басым ж-а сүрүлүү күчтөрүнө ажырайт. Нерсенин эки чөйрөнү бөлгөн бетке жакын кыймылында толкун пайда болсо, анда толкун каршылыгы пайда болот. Түтүк, канал боюнча суюктук акса, гидравликада сүрүлүү каршылыгы ж-а жергиликтүү гидравликалык каршылык пайда болот. Түрдүү гидротехникалык түзүлүштөрдү ж-а аппараттарды долбоорлоодо ж-а курууда Гидродинамика каршылыгынын чоӊдугун аныктоонун мааниси чоӊ.