ГАМЕТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 15 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАМЕ́ТА (гр. Gamet е – ургаачы, gamtt еs – эркек) – өсүмдүк ж-а жаныбардын жыныс клеткасы. Ал тукум куума белгилерди укумдан тукумга берет. Гамета хромосомалардын жалпы (гаплоид) жыйнагын алып жүрөт ж-а гаметогенез процессин камсыздайт. Уруктанууда эркек ж-а ургаачы гаметалар кошулуп, ата-эненин экөөнүн теӊ белгилерин алып жүрүүчү диплоиддүү зигота пайда болот. Зиготадан жаӊы организм калыптанат. Ургаачы жыныс гаметасы – энелик же жумуртка клеткасы, эркек жыныс гаметасы сперматозоид деп аталат. Энелик клетка кыймылсыз келет да, эркек гаметадан чоӊ болот. Сперматозоиддер чөйрөнүн шартын (температура, осмос басымы ж. б.) өтө сезгич келет.