ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 16 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page ГАРЕЕВ to ГАРЕЕВ Энвер Закизянович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРЕЕВ Энвер Закизьянович (10.1.1910, Татар АССРи, Сарман району, Чураш кыштагы – 2.5.1974, Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (1957), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1964). Краснодар айыл чарба институтун бүтүргөн (1936). Кыргыз республикалык жашылча-жемиш

станциясында кенже илимий кызматкер (1936) жана директору (1945). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Ботаника багынын директору (1946–1974). Мөмө бактарынын физиологиясы жана селекциясы боюнча адис. 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ботаника багына ысмы берилген.


Эмг.:Агротехнические рекомендации по плодовоягодным культурам и винограду для Киргизской ССР. Ф., 1959; Багбанчылыктын негиздери. Ф., 1968; Особенности образования цветочных почек у яблони. Ф., 1970.