ГАЛЬВАНОМАГНИТТИК КУБУЛУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:31, 17 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬВАНОМАГНИТТИК КУБУЛУШТАР – магнит талаасынын ток өтүүчү катуу өткөргүчкө тийгизген таасирине байланыштуу кубулуштар. Ага Холл эффектиси ж-а магнит-резисттүү эффект кирет. Өткөргүчтүн каршылыгынын магнит талаасындагы өзгөрүшү магнит-резисттүү эффект деп аталат. Магнит талаасы токко жарыш болсо, бул эффект кичине болот. Ферромагнетиктер тышкы талаа жокто деле өзүнөн өзү магниттелүүчү гальваномагниттик кубулуштарга ээ. Анын себеби – магнит талаасында заряддарды алып жүрүүчү электрондор м-н көӊдөйчөлөрдүн траекторияларынын өзгөрүшү (к. Лоренц күчү). Түрдүү өткөргүчтө заряд алып жүрүүчүлөрдүн траекториялары көп түрдүү болгондуктан, гальваномагниттик кубулуштар да көп түрдүү болот. Төмөнкү температурада магнит талаасынын өзгөрүшү м-н Холл туруктуулугу ж-а каршылыктын кванттык осцилляциясы байкалат.