ГАЛЬВАНОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:33, 17 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЬВАНОМЕТР - эӊ аз токту, чыӊалууну ж-а электр санын өлчөөчү өтө сезгич прибор (к. Баллистикалык гальванометр). Электр тизмегиндеги токту же тизмектин кандайдыр бир эки чекиттин ортосундагы потенциалдарынын нөлдүк айырмасын аныктоодо нөл-индикатор катары кеӊири колдонулат. Көбүнчө магнитэлектрдик өлчөгүч механизми бар туруктуу ток кеӊири тараган. Анын сезгичтигин жогорулатуу үчүн оптикалык эсептегич түзүлүш пайдаланылат. Гальванометрдин сезгичтиги ж-а анын кыймылдуу бөлүгүнүн кыймылынын мүнөзү гальванометрге бириктирилген сырткы электр тизмегинин каршылыгына көз каранды.