БИОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́М (био... ж-а лат. оmа – жый<>&ындысы) – белгилүү ландшафт-геогр. зонада жашаган түрдүү организм топтору ж-а алар жашаган чөйрө жыйындысы. Ал – ири биогеоценоз, экол. географиянын негизги объектиси болуп саналат. Алар климаты, фаунасы м-н флорасы б-ча айырмаланат. Жер бетиндеги ири, негизги Б-дор тундра, тайга токойлору, жазы жалбырактуу токойлор, субтропик токойлору, нымдуу тропик токойлору, чөлдөр, талаалар, а. ч. талаалары ж. б.