БИОМЕХАНИКА
БИОМЕХА́НИКА (био... ж-а механика) – биофизиканын тирүү ткань, орган же бүтүндөй организмдин мех. касиетин ж-а алардагы мех. кубулуштарды изилдөөчү бөлүмү. Б. б-ча изилдөө иштери 20-к-дын ортосунан кеӊири жүргүзүлө баштаган. Демалуу, кан айлануу ж-а кыймыларакеттин Б-лары болот. Б-лык изилдөөлөрдө көбүнчө оптикалык ыкмалар колдонулат. Мындай изилдөөлөрдү итал. илимпоз Леонардо да Винчи баштаган. Эмгек м-н спорт физиологиясында, аскердик ж-а клиникалык медицинада, асыресе неврологияда, ортопедияда, травматологияда, протез жасоодо, өпкө м-н жүрөктүн айрым ооруларын аныктоодо Б-нын ролу чоӊ.