БИОНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́НТ (гр. bion – жашоого жөндөмдүү) – эволюциянын жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөгө (биотопко) ыӊгайланышып жашап жаткан организм. Кургакта ж-а абада жашаган организмдер – аэробионттор, сууда жашаган организмдер – гидробионттор, топурактагылар – педобионттор, жаныбар ж-а өсүмдүк калдыгын ажыратуучулар сапробионттор деп аталат. Ал эми ар кандай чөйрөдө жашоого жөндөмдүү организмдер – эврибионттор ж. б.