БИОСТРАТИГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСТРАТИГРА́ФИЯ (био... ж-а стратиграфия) – стратиграфиянын бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организимдин эвол. жол м-н өнүгүшү. Ар кайсы жердеги окшош катмарлардын өзара байланыштарын ж-а салыштырмалуу жаштарын аныктоодо чөкмө тоотектердеги организмдердин ташка айланган калдыктарынын таралышын изилдейт. Мында чөкмөтектердин арасында кездешүүчү организмдердин ташка айланган калдыктарына карап, ошол катмардын салыштырмалуу жашы аныкталат. Стратиграфиялык шкаласы түзүлөт. Анткени организмдердин өсүп-өнүгүшү, түрлөрүнүн өзгөрүшү чөйрөгө байланыштуу. Ошол себептен организмдердин ташка айланган калдыктарын ж-а алардын жер бетинде таралышын изилдеп, чөкмөтектердин пайда болуу мезгилин аныктоого болот. Катмарларды өзалдынча биозоналарга бөлүүдө, аябаган зор аянтты ээлеп, өтө көп тараган ж-а кыска мөөнөттүн ичинде толук өлүп жок болгон организмдердин, планктондордун, споралардын калдыктары зор мааниге ээ. Терминди биринчи жолу бельгиялык палеонтолог Долло киргизген.