БИОСФЕРА КОРУГУ
БИОСФЕ́РА КОРУГУ – 1) адам баласы тарабынан өзгөрүүгө дуушар болгон, айланасындагы ландшафттын таасири дээрлик тийбеген, өтө коргоого алынган табигый аймак. Коруктун аймагында жаратылыш чөйрөсүнүн компонеттеринин табигый баланстык шартында кылымдар бою сукцессиялык (ордун басуучу) ж-а эвол. процесстер жүрүп турат; 2) табигый чөйрөдөгү антропогендик өзгөрүүлөргө аспаптардын ж-а биоиндикаторлордун жардамы м-н байкоо жүргүзүлүүчү аймак; 3) коргоого алынган аймак. Жердин кандайдыр бир негизги биомдорунан турган эталондук участокторун камтыйт. Б. к-нун негизги максаты – табигый экосистемалардын ж-а коргоого алынган аймактын генофондун сактоо, о. эле жаратылыш чөйрөсүнө мониторинг (көзөмөл) жүргүзүү. Биринчи Б. к. 1976-ж. түзүлүп, 1998-ж. 300дөн ашкан. Кыргнда Сарычелек биосфера коругу 1979-ж. уюшулган. Р. Дегимбаев.