БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОСФЕРАНЫ БУЛГОО – адамзат коомунун биосферага тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаӊы хим. бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мис., темп-ранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын денсоолугуна ж-а айлана-чөйрөгө кыйла зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Бүгүнкү күндө адамдын иш-аракети реалдуу түрдө булгоонун тигил же бул формасына алып <ph>