БИОТА
БИО́ТА (гр. biotе – жашоо) – кандайдыр бир белгилүү аймакты ээлеген, тарыхый калыптанган тирүү организмдер жыйындысы. Биоценоздон айырмаланып, Б-нын курамына организмдин ортосунда бири-бири м-н экол. байланышы жок түрлөр кирет (мис., австралия фаунасына кирүүчү кенгуру ж-а кош демалуучу балыктар).