БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОТЕХНИКАЛЫК СИСТЕ́МА – өзара байланышкан ж-а бири бирине көзкаранды биол. ж-а тех. системалардын же объектилердин жыйындысы. Мис., космос кемесинин борттук Б. с-сында ашкана, аба ж-а сууну калыбына келтирүү (регенерациялоо) блогу, энергия м-н камсыздоо түзүлмөсү, жылуулукту жөндөө, таштандыларды минералдаштыруу, кээде космос оранжереясы ж. б. кирет. Бул система узак убакытка учуучу космонавттардын жашоосун камсыз кылат.