БИОЭНЕРГИЯ
БИОЭНЕ́РГИЯ – биол. системаларда энергияны кайра түзүү процесстеринин жыйындысы. Тирүү организм ж-а биосфера тиричилиги толугу м-н күн энергиясынын үзгүлтүксүз келип турушуна тыгыз байланышта. Жарык энергиясын фотосинтездөөчү организмдер кабыл алып, алар орг. бирикмелер аденозинтрифосфор к-тасы (АТФ) түрүндө топтошот. Гетеротрофтуу организмдердин азыгы болгон орг. бирикмелер СО2 ж-а Н2Ого чейин кычкылданат ж-а бошонгон энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ клетка ичинде энергия ташуучу кызмат аткарат ж-а энергия алмашууда чоӊ мааниге ээ. АТФтин синтези фотосинтез, демалуу ж-а ачуу процессинде бөлүнүп чыккан энергия аркылуу ж-а АДФти фосфорлоо жолу м-н ишке ашат. Клеткадагы АТФтин гидролизи тиричилик аракеттерде (кыймыл, заттардын ташылышы, биосинтез ж. б.) энергия булагы катары кызмат аткарат. Тынч абалында АТФ клеткаларда энергияны топтоодо пайдаланылат. Клеткадагы энергиялык процесстерди окуп-үйрөнүү биохимия, биофизика, мол. биологиянын негизги маселеси болуп саналат. Б. М. Женбаев.