БИР ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – бир жыл ичинде же вегетация мезгилинде тиричилик циклин бүтүрүүчү чөп өсүмдүктөрү. Ысык ж-а кургакчыл райондордо кеӊири таралган. Арктика ж-а бийик тоодо алар өөрчүү циклин бүтүрүүгө үлгүрбөйт. Ошондуктан аталган аймакта бир жылдык өсүмдүктөр жок болуп, көп жылдык өсүмдүктөргө айланган. Тез өсүүчү Б. ж. ө-гө эфемерлер кирет. Вегетация мезгили узак өсүмдүктөргө көпчүлүк дан өсүмдүктөрү, субтропик ж-а тропик аймактардан алынып келген маданий ж-а кооздук өсүмдүктөр ж-а айдалма өсүмдүктөрдүн


отоо чөптөрү кирет. Алар жаздык ж-а күздүк болуп бөлүнөт. Жаздык өсүмдүктөр жазында уруктан өнүп, кыска мөөнөттө урук берет. Күздүгү күзүндө эгилип (күздүк дан өсүмдүктөрү), өнүп, кыштап, кийинки жайда гана өөрчүү цикли бүтөт. Күздүк өсүмдүк жазында эгилсе, кадимкидей өнүп өсөт, жалбырак алат, бирок урук байлабайт.