БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914 – 1918)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Борб. державалар (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы ж-а Болгария) м-н Антантанын (Улуу Британия, Франция, Россия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж. б.; бардыгы 34 мамлекет) ортосундагы согуш. Б. д. с. европ. улуу державалардын «дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү» үчүн күрөшүнөн улам келип чыккан. 20-к-дын башында дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү аяктаган. Колониялардын көпчүлүгүн Англия, Франция ээлеп алып, Германия, АКШ, Япония сыяктуу өнүгүп келаткан мамлекеттер жаӊы рынок, арзан чийкизат (сырьё) булактары үчүн күрөш башташкан. Державалардын ортосундагы саясий-экон., аймактык карама-каршылыктардын негизги борбору Европада болгон, ошону м-н катар согушка катышкан ар бир өлкө жаӊы колонияларды ж-а таасир этүү чөйрөлөрүн басып алууну көздөгөн. Ушундан улам бул мамлекеттер дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө аракеттенишет. Германия 1879-ж. согуш блогун түзүүгө киришип, Австрия-Венгрия м-н согуштук союз түзгөн. 1882-ж. ага Италия кошулуп, Францияга ж-а Россияга каршы Германия башында турган Үчтүк союзу уюшулган (1914-ж. ага Осмон империясы, 1915-ж. Болгария кошулуп, ал эми 1915-ж. Италия союздан чыккандыгына байланыштуу Төрттүктөр союзу болуп кайра түзүлгөн). Ал эми Англия, Франция ж-а Россия 1907-ж. аларга каршы согуш коалициясы – Антантага биригишкен. Германия Англия м-н Францияны талкалоону ж-а алардын колонияларын тартып алууну, Россияны начарлатууну ж-а Европада өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Австрия-Венгрия Балкан ж. а-ндагы өз таасирин кеӊейтүүгө ж-а ага караган элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия башкы атаандашы Германияны талкалоо м-н өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу, Осмон империясынан Месопотамия м-н Палестинаны тартып алуу, Египетте өзүнүн таасирин чыӊдоону көздөгөн. Франция 1871-ж. Германияга тарттырып жиберген Эльзас м-н Лотарингияны кайтарып алууну ж-а чегараны Рейнден ары жылдыруу м-н Европа континентинде негизги ролду ойноону максат кылган. Россия Балкан ж. а-нда ж-а Босфор м-н Дарданелль кысыктарында контроль орнотууну, о. эле Германияны экон. жактан начарлатууну ж-а Австрия-Венгриянын Балкандагы таасирин жоюуну көздөгөн. 1914-ж. Босниядагы австриялык-венгриялык аскерлердин машыгуусуна катышууга келген австрия-венгриялык тактынын мураскору Франц Фердинанддын 15(28)-июнда Сараеводо серб улутчулу Гаврило Принцип тарабынан өлтүрүлүшү жаӊы Балкан кризисине алып келген. Император Вильгельм II бул окуяны «сербдерди талкалоо» үчүн шылтоо катары пайдаланууну чечкен. Австрия-Венгрия Германиянын макулдугу м-н Сербия өкмөтүнө оор шарттарды камтыган ультиматумду койгон. Сербдердин анын көпчүлүк шарттарын кабыл алгандыгына карабастан, 28-июлда АвстрияВенгрия Сербияга каршы согуш жарыялаган. Россия империясы Сербияга колдоо көрсөтүү үчүн өлкөдө жалпы аскердик мобилизацияны баштаган ж-а Германиянын жетекчилеринин Россиянын мындай кадамга баруусун токтотууну талап кылган ультиматумун четке каккан.

1-августта Германия Россияга каршы согуш жарыялаган. 2-августта Германиянын аскерлери Люксембургду ээлеп, 3-августта Францияга согуш жарыялаган. Немис аскерлери Бельгиянын аймагын басып алып, ал аркылуу Францияны көздөй жөнөгөн. Бельгиянын нейтралитетин сактоону талап кылуу м-н Улуу Британия 22июлда (4-август) Германияга каршы согуш жарыялаган. Европ. державалар м-н бирдикте алардын доминиондору ж-а колониялары да согушка тартылган. Августтун аягында Германияга каршы Япония согуш жарыялап, анын Ы. Чыгыштагы ж-а Тынч океандагы колонияларын ээлеп алган. Германиянын кысымы м-н Осмон империясы Антантага каршы согуштук аракеттерин баштаган. Антанта тарабында Осмон империясына каршы англичандардын көзөмөлү астында келген Египет согушка аттанган. Ошентип, августтун аягында бул согушка 33 мамлекет тартылып, дүйнөлүк согушка айланган. 1917-ж. 6-апрелде Германияга каршы АКШ, кийинчерээк Латын Америкасынын 14 мамлекети, Кытай, Сиам ж-а Либерия согуш жарыялайт. Февраль рев-ясынын натыйжасында Россияда падышалык бийлик кулатылып, 1918-ж. 3-мартта Россия Германия м-н сепараттык Брест тынчтык келишимине кол койгон. Б. д. с. Антанта союзунун жеӊиши м-н аяктады. Жалпысынан Антанта ж-а анын союздаштары адам ж-а материалдык ресурстары б-ча Германия м-н Австрия-Венгрияга салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылган. Согуштун башталышында эле Антанта 11 млн аскерге ээ болсо, Германия м-н Австрия-Венгрия 6,1 млн аскерге ээ болгон. 1918-ж. 29-сентябрда Болгария, 30-октябрда Осмон империясы, 3-ноябрда Австрия-Венгрия, 11-ноябрда Германия капитуляцияланган. 3-ноябрда Германияда башталган моряктардын көтөрүлүшү рев-я м-н аяктап, кайзер өлкөнү таштап чыгып кетти ж-а Германия респ. болуп жарыяланды. Б. д. с-тун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн кишини согушка мобилизациялаган. Европалык державалар тарабынан башталган согушка 33 мамлекет катышып, 10 млнго жакын киши курман, 20 млнго жакыны жарадар болгон. Согуштук чыгымдар 266 млрд долларды түзгөн. Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Россия, Германия, Австрия-Венгрия ж-а Осмон империялары кыйрап жок болгон. Б. д. с-тун жыйынтыгын чыгарган ж-а анда жеӊилген өлкөлөр м-н тынчтык келишимдердин шарттарын иштеп чыгууга чакырылган Париж тынчтык конференциясынын жүрүшүндө Антанта өлкөлөрү м-н Германия (Версаль), Австрия (Сен-Жермен), Венгрия (Трианон), Болгария (Нейи), Түркия (Севр) мамлекеттеринин ортосундагы тынчтык келишимдерге кол коюлган. 1914-ж. башталган Б. д. ска Россиянын катышуусу анын курамындагы элдерге, а. и. кыргыздарга да бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Кыргыздар да башка элдер м-н катар эле акча, кийим-кече, аттарды жөнөтүп турууга милдеттендирилген. 1916-ж. 25июнда император Николай IIнин Волга бою, Чыгыш Сибирь, Түркстан ж-а Казакстандан 19дан 43 жашка чейинки курактагы эркектерди согушуп жаткан Россиянын оорук иштерине мобилизациялоо тууралуу жардыгы жарыяланат. Түркстан крайы б-ча жалпысынан 200 470 киши, а. и. Жетисуу облусунан 43 000, Фергана облусунан 51 233 киши оорук иштерине алынууга тийиш болгон. Бул жарлык жерг. элдердин катуу нааразычылыгын туудуруп, Россиянын оторчул саясатына каршы элдик-боштондук кыймылдын башталышына алып келген. Ад.: Первая мировая война. 1914–1918 / Под ред. А. Л. Сидорова. М., 1968; История Первой мировой войны 1914 – 1918. Т. 1–2. М., 1975; Новая история стран Европы и Америки. Второй период /Под ред. И. М. Кривогуза и Е. Е. Юровской. М., 1998; История Отечества. Энциклопедический словарь. М., 1999; История Киргизской ССР. Т. 1. Ф., 1968; Кыргызстан. Энциклопедия. Б. 2001. А. Орозов.