БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР
БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-к -да мех. тааным т еория сында объективдүүлүк белгиси б-ча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өзара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көзкарашында ил. түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, б. а. субъекттин сезимдери же маанайы м-н аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы ил. таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери ж-а сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер м-н реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мис., туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир хим. элементтин башка элементтер м-н биригүү касиети ж. б.). Ж. К. Асанов.