БИРИНЧИМАЙ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИМАЙ 1 – эмгекчилердин эларалык тилектештигинин күнү. Б. м. күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү ждө чечим 1889-ж. июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Конгресс эмгек шарттарын жакшыртуу, жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу талабын коюп, бүткүл дүйнөдөгү жумушчулардын күчүн бириктирүү максатын колдоп, 1886-ж. Б. м-да демонстрация ж-а иш таштоо уюштурушкан Чикаго (АКШ) ш-нын жумушчуларына тилектештигин билдирген. Эларалык майрам катары алгачкы жолу 1890-ж. Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Россия, Норвегия, Франция, Швеция ж. б. өлкөлөрдө (Улуу Британияда 4-май 1890-ж.) өткөрүлгөн. 1917-жылдагы Февраль рев-ясынын жеӊишинен кийин Россияда Б. м. эркин белгиленип, көчөлөргө миллиондогон эмгекчилер «Бардык бийлик Советтерге!» деген ураан м-н чыгышкан. СССРде Б. м. тынчтык ж-а элдердин ортосундагы достук майрамы катары майрамдалып, 1-май 1918-ж. РСФСРдин, 2-май 1928-ж. 23-апрелде СССР БАКтын чечими м-н дем алыш күнү деп жарыяланган. Кырг-нда 1917-ж. Б. м. Эркиндик күнү деп аталып, Ош, Пишпекте, КызылКыя, Сүлүктү көмүр кендеринде митинг, манифестациялар өткөрүлгөн. Бул майрам бүгүнкү күндө да эмгекчилердин эларалык тилектештиги күнү катары белгиленет.