БИРЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЛИК , К а ш к у л а к – Нарын обл-нун Атбашы р-нундагы кыштак. Акмоюн айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Атбашы кыш-нан 12 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 260 км. Деӊиз деӊг. 2210 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1263 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, ФАП, китепкана бар.