БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ
БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ – бир гана баш мүчөнүн: баяндоочтун, баяндоочтуу топтун негизинде уюшулуп, бүткөн бир ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн – граммат. ээнин болушун талап кылбаган сүйлөм. Кыргыз тилиндеги Б. т. с. граммат. түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай беш түргө бөлүнөт: белгилүү жактуу сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм, жалпылама жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, атама сүйлөм.