БИСЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СЕР (ар. бусра) – тунук, түстүү ж-а түссүз айнектен, сейрек металлдан жасалган, жипке тизүүгө ылайык ичке көзөнөгү бар майда шурулар. Б. өндүрүү Байыркы Египет, Византия, Чыгыш өлкөлөрү, Киев Русунда абдан белгилүү болгон. 13-к-дан баштап Б-ди Венецияда Мурано а-нда жасап чыгара башташкан. 18-к-дын башында Яблонец деген чех ш-нда стеклярусту (айнек түтүкчөлөр) өндүрө башташкан ж-а ал Б-дин бир түрүн түзгөн (яблонецтик бижутерия). Россияда Б. өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшү 18-к-дын аягы, 19-к-дын башына туш келет. 1830–40-ж. бисерден жасалган буюмдарга болгон мода өз апогейине жеткен. Б. м-н капчык, сумка, кисет, бювар, панно алкактын ичиндеги сүрөттөрдү кооздошкон. Б-ден жасалган жасалгалар аялдардын костюмунда (шуру, кур, башкийим, тарак, чачкарматкыч, түйгүчтөр) кеӊири пайдаланыла баштайт. Коомдун ар кайсы катмарларында Б. бастырылган сайма-тикме иштери аялдардын сүйүктүү колөнөрчүлүгүнө айланган. Б-ден жасалган буюмдардын өнүгүшү ж-а моданын эволюциясы м-н аны колөнөрчүлүк сувенири катары колдонуу башталган. Арх-ралык Б. түркүктүн валигиндеги жасалга катары пайдаланылган.