«БИТЕЛ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИТЕ́Л» ( англ. BITEL) – мобилдик байланыш кызматын көрсөтүүчү компания. 1997-ж. түзүлгөн. Мобилдик байланышка акысыз чыгуучу MOBICARD соода маркасын киргизген. Ошондон баштап мобилдик байланыш кызматы мурдагыдан да жеткиликтүү болуп, аны андан да өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. «Б-дин» абоненттеринин саны 1 млндон ашык (2005). «Б.» алгач түзүлгөндөн баштап GSM(MOU) операторлорунун эларалык ассоциациясына кирген. Кийинчерээк КРдин байланыш операторлор ассоциациясынын бирден-бир активдүү мүчөсү. Роумингдик кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүдө. «Б.» алгачкы роумингдик макулдашууну «Билайн» (Россия) байланыш тармагы м-н, андан кийин Swisscom Mobile (Швейцария) компаниясы м-н түзгөн. Азыркы күндө «Б-дин» абоненттери дүйнө жүзүндөгү 120дан ашык мамлекет м-н байланыша алат. «Б.» компаниясы

«Бител» компаниясынын имараты.


КРдин бүт облустарынын жашоочуларынын 90%ин бир бүтүнгө бириктирген мобилдүү байланыш оператору болуп саналат. Ал ыӊгайлуу тейлөөгө өзгөчө көӊүл бурат, б. а. компаниянын абоненттери 300дөн ашык борб. сатуу, тейлөө кызматынын комплексин, акысыз автоматташтырылган маалымат – сурап-билүү кызматын, атайын корпоративдик программа ж-а жеке башкаруучу кызмат көрсөтөт. У. Н. Биримкулов.