«БИШКЕК БАЙПАК»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК БАЙПАК» – акционердик коом (1992). 1941-ж. эвакуацияланып келген Харьков трикотаж ф-касынын жабдууларынын базасында Аламүдүн байпак ф-касы катары негизделген. Адегенде фронт үчүн кийим-кече (чылгоо, ичкийим) чыгарган. 1942-жылдан байпак чыгара баштаган. 1945-ж. ичинде эле кеӊири ассортименттеги ж-а ар түрдүү материалдан жасалган 5 млн жуп байпак чыгарууга жетишкен. 1970–72-ж. реконструкцияланган. 1983-ж. Фрунзеде жаӊы байпак ф-касы курулган. 1984-ж. 1январда Аламүдүн өндүрүштүк бирикмеси болуп кайрадан уюшулган. 1989-ж. Фрунзе байпак ф-касы Аламүдүн бирикмесинен өзүнчө бөлүнүп чыгып, «Бишкек Байпак» АК болуп түзүлгөн. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 8360,0 миӊ жуп байпак (2001). Ар түрдүү материалдардан кеӊири ассортименттеги байпактарды чыгарат. Ишкана эларалык көргөзмөлөрдүн, жакынкы ж-а алыскы чет өлкөлөрдөгү ярмаркалардын көп жолку катышуучусу, Улуттук өнөржай ассоциациясынын Алтын медалына татыган (2003).