«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК БОРБОРДУК ЛИКЁР-АРАК ЗАВОДУ» – жоопкерчилиги чектелген коом (1999). 19-к-да (1882) Пишпекте москвалык соодагер Иванов тарабынан алгачкы самогон заводу – спирт ж-а алкоголь продуктуларын чыгаруу б-ча ишкана курулган. Улуу Октябрь рев-ясынын кийин заводдун мүлкү мамлекеттин менчигине берилген. 1950-ж. мамл. масштабда алкоголь продукциясын чыгаруу б-ча типтүү заводдун курулушу башталган. Өзүнүн чарбалык ишмердиги мезгилинде заводдун имараты ж-а курулмалары бир нече жолу реконструкцияланды. 1950-жылдан бир сменада 20,0 миӊ бутылка арак продукциясы чыгарылса, 60-жылдардын акырында өндүрүштүк жабдуулар алмашуунун натыйжасында чыгарылган продукциянын көлөмү 10 эсеге көбөйгөн. Азыркы учурда завод жалпысынан алкоголдук продукциянын 14 түрүн чыгарат, а. и. «Арашан» кыргыз бальзамы респ-нын чегинен тышкары да белгилүү.