БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ
БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ К. Карасаев атн. – жогорку окуу жайы. Гуманитардык билим берүүдө, дүйнөлүк тилдерди окутууда бай тажрыйбага ээ. Анын негизин 1979-ж. ачылган Фрунзе орус тили ж-а адабияты пед. ин-ту түзгөн. Ал 1992-ж. Тил ж-а гуманитардык илимдердин мамл. ин-ту, 1994-ж. Бишкек гуманитардык ун-ти болуп түзүлгөн. Унтте чыгыштаануу ж-а эларалык мамилелер, европа цивилизациясы, кыргыз филологиясы, славянтаануу ж-а журналистика, башкаруу, со- <ph></ph>
циология ж-а психология, экология, экономика ж-а менежмент, кыргыз-кытай ф-ттери ж-а маалыматтык система, китеп ж-а архив иштери бөлүмү, о. эле Үзгүлтүксүз билим берүү ин-ту ж-а Гуманитардык илимдердин ил.-из. ин-ту, аспирантура, докторантура бар. Окуу-методикалык, ил., тарбиялоо ж-а практикалык иштерди 35 кафедра, 20га жакын борбор алып барат. Окуу бюджеттик ж-а келишимдик негизде жүргүзүлүп, 30дан ашык адистикти ж-а кошумча адистикти даярдайт. БГУ материалдык-тех. базасы мыкты, ил.-пед. кызматкерлеринин сапаттык курамы жогору окуу жайлардын катарына кирет. 80ге жакын илимдин докторлору ж-а кандидаттары ж-а 70тен ашык чет элдик адистер эмгектенишет. Көптөгөн чет өлкөлүк окуу жайлары, ил. борборлор м-н кызматташат. Ун-ттин уюштуруучусу, биринчи ректору Скирдов В. Д. болгон. Кийинки ректорлору: Янцен В. К. (1986–99), Конкобаев К. К. (1992–94), Тургуналиев Т. Т. (1994), Болжурова И. С. (1995– 2002), Мусаев С. Ж. (2003–05), Мусаев А. И. (2005-жылдан).