БИШКЕК ЖОГОРКУ АСКЕР ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ЖОГОРКУ АСКЕР ОКУУ ЖАЙЫ Сов. Союз. Баатыры К. Үсөнбеков атн., 1947-ж. Кызыл Армиянын асман чабуулунан коргонуунун кыйраткыч авиациясынын учкучтарынын Одесса аскер окуу жайынын базасында түзүлгөн. Алгач СССРдин Аскер-аба күчтөрүнүн Фрунзе учкучтар аскер окуу жайы деп аталган. 1991-жылдан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлүшү м-н окуу жай аскерлердин ж-а чегара күзөтүнүн бардык түрлөрү үчүн взводдордун командирлерин, авиац. адистерди даярдоого өткөн. 1995-ж. окуу жай Бишкек аскердик авиац. учуу-тех. окуу жайы (БААУТО) деп аталган. 1998-жылдан БААУТОнун курсанттарынын ичинен офицер – чегарачыларды даярдоо башталган. 2000-жылдын 15-августунан БААУТО КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайы (БЖАО) болуп кайра түзүлгөн. БЖАО Коргоо министрлиги үчүн жогорку квалификациялуу офицердик кадрларды, о. эле ИИМдин ички аскерлерине, Юстиция министрлигинин департаментине, чегара кызматына, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аскердик адистерди даярдайт. 2005-жылдын 30-апрелинде окуу жайга Сов.






Бишкек жогорку окуу жайынын курсанттары с<font color='green

абакта.'/>


Союз. Баатыры, генерал-лейтенант К. Үсөнбековдун ысымы ыйгарылган. 1956-жылдан 1992жылга чейин авиац. кадрларды даярдоонун ж-а өркүндөтүүнүн 5 борб. курстарында 21682 адам 10 авиац. адистиктер б-ча: 5698 учкуч, 749 штурман, 469 күжүрмөн башкаруу офицери, 165 аткыч-радист, 8998 авиатехник даярдалган. 1994жылдан 2000-жылга чейин авиац. адистиктер б-ча 535, ал эми чегара аскерлери үчүн 53 офицер даярдалган. 2006-ж. 79 офицер, а. и. 45 офицер башка ведомстволор үчүн даярдалып чыгарылган. Окуу жайдын чет өлкөлүк бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары өз мамлекеттеринде жогорку мамл. ж-а аскердик кызматтарды ээлешет: Хафез Асад – Сириянын президенти, Ахмед Хусейн – Мозамбик Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы, авиациянын маршалы Дилбах Синг – Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы. Окуу жайдын начальниктери: 1998–2000-ж. генерал-майор С. Сыйдалиев, 2000–06-ж. генерал-майор Т. Молдобаев, 2006-жылдан полковник М. Бейшенов. Абдысатар уулу Азат.