«БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– ачык

акционердик коом. 1961-ж. Фрунзе ЖЭБ ишке киргизилип, 1962-ж. анда жылуулук тармактар цехи ачылып, станция аркылуу жылуулук коё берүү башталган. Долбоордун биринчи кезеги б-ча кубаттуулугу 25 миӊ кВттык 2 агрегат ж-а саатына ар бири 160 т буу иштеп чыгаруучу 3 буу казаны орнотулган. Ошол учурда жылуулукту пайдалануу көлөмүнүн тез көбөйүшүнөн улам ЖЭБди кеӊейтүү ж-дө чечим кабыл алынып, жаӊы жылуулук магистралдары курула баштаган. 1963-ж. жылуулук тармактар цехи райондук жылуулук тармагы болуп өзгөртүлгөн. Фрунзе ш-нын алгачкы жылуулук магистралдары Ташкендеги Жылуулук долбоор ин-тунун О. Азия бөлүмү иштеп чыккан долбоорлордун негизинде курулган. 1962–64-ж. ЖЭБден баштап Фучик көчөсүнө чейин уз. 9,5 км, диаметри 500 мм ПП-1,2 жылуулук тармагы ишке кирген. Ишкананын алгачкы ишаракеттери магистралдык жылуулук тармактарын пайдалануу м-н башталган. 1968-ж. жылуулукту пайдалануу кеӊейгенине байланыштуу район Фрунзе шаардык жылуулук тармактар ишканасы деп аталып, анын курамына Борб. ж-а Түш. райондорунун тейлөө жумуштары жүктөлгөн. 1982-ж. мекеменин энергия кубаттуулугунун өсүшүнө байланыштуу шаардын борб. ж-а батыш бөлүктөрүн тейлөө үчүн ¹3 Батыш жылуулук пайдалануу р-ну, 1991-ж. ЖЭБ-2ден чыккан жылуулук магистралдарын тейлөө үчүн Түш.-Батыш району түзүлгөн. Ишкана 1451 турак үйдү, 424,4 км жылуулук тармагын, 18 тейлөө станциясын ж-а 3200дөн ашык жылуулук керектөөчүлөрдү тейлеген. Анын курамына жылуулук керектөөчү төрт район – Борб., Түш., Батыш, Түш.-Батыш, ремонттоо, электр ж-а байланыш, диспетчердик, транспорт ж-а механизмдер кызматтары, жылуулук автоматикасы ж-а изилдөө, коммерциялык эсеп кызматы, сатып өткөрүү ж-а башкаруу бөлүмдөрү кирет. М. Т. Батаканов.