«БИШКЕК КЕНДИР ФАБРИКАСЫ»
– ачык
акционердик коом (1996). Кендир кездеме, ки-
лем буюмдар үчүн жип ж-а ар кандай кендир материалдарын чыгарат. 1941-ж. Одессадан көчүрүп келген Хворостин атн. жут ф-касынын негизинде түзүлгөн. 1946-ж. реконструкцияланган. Жут продукциялары экол. жактан таза ж-а О. Азия рыногунда өзгөчө орунду ээлейт. Ишкана эларалык стандартка ылайык таӊгактоо каражаттарын чыгарууга жөндөмдүү. Ишканада ар түрдүү продукция чыгарууга адистешкен ар кыл кесиптеги адистер эмгектенет.