БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
П. Ф. Шубин атн. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР ЭКСтин токтому м-н ачылган. 1948-ж. П. Ф. Шубиндин ысмы ыйгарылган. Окуу мөөнөтү 5–7 жыл. Фортепьяно, кылдуу, үйлөмө, урма, эл аспаптар ж-а хор бөлүмдөрү бар. Мектептин 300 орундуу концерттик залы, китепканасы, муз. аспаптарды оӊдой турган устаканасы бар. Класстар окуу программасынын талабына ылайыкташтырылган. Мектептин алдында хор, оркестр, вокалдык, аспаптык ансамблдер уюштурулган. Мектептин базасында ар дайым респ-лык конкурстар, фестивалдар өтүп турат. 2005–06-окуу жылында 770 окуучу окуган.