БЛИНДАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан ж-а массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жертөлө). Б. темир-бетон, жыгач, таш, топурак, о. эле өнөржай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–18) ж-а 2-дүйнөлүк (1939–45) согуштарда Б-дар көп курулган.