БЛЮЗ
БЛЮЗ (англ. blues, blue devils – меланхолия, кайгы) – 1) негрлердин муӊайыӊкы, жай жүрүш-
тө аткарылган лирикалык ыры. Ырдын айрым ыргактык, гармониялык ж-а интонациялык өзгөчөлүктөрүн бузуп, жаз музыкасына пайдаланышкан; 2) жай бийленүүчү фокстрот. Б. муз. формасы б-ча симф. ж-а камералык аспаптык музыкада да кездешет.