БОГДО-Г~ГЭН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ГДО-Г~ГЭН (моӊголчо богдо – өтө касиеттүү, ыйык; гэгэн – жарык) – Моӊголиядагы лама чиркөө башчысына ыйгарылуучу наам. Ламаизм дини үстөмдүк кылган мезгилде, 17-к-дын орто ченинде жогорку лама иерархы тарабынан кабыл алынган. 1641-ж. Ундур-гэгэн (1635–1724) биринчи Б.-г. болуп жарыяланган. Тышкы Монголия автономия болуп турган учурда (1911–19) акыркы сегизинчи Б.-г. Чжемцзундамба-хутухта (1870–1924) анын теократиялык башкаруучусу болгон. Моӊгол элдик рев-ясынан (1921) кийин анын укугуна чек коюлган (чечүүчү роль элдик өкмөттүн колунда болгон). 1924-ж. Чжемцзундамба-хутухта Б.-Г. өлгөндөн кийин Моӊголия Эл Республикасы болуп жарыяланган.