БОГОСЛОВСКИЙ
БОГОСЛО́ВСКИЙ Никита Владимирович [9(22). 5.1913, Санкт-Петербург – 4.4.2004, Москва] – орус композитору, СССР эл арт. (1983). А. К. Глазуновдун, Г. Н. Поповдун, П. Б. Рязановдун окуучусу. Кинематографисттер союзунун композиторлор комиссиясынын төрагасы (1971–91). 1965-ж. вице-президенти, 1978-ж. СССР–Франция (1991-жылдан Россия–Франция) коомунун президенти. Ыр жанрынын чебери, 300дөн ашык ырлары бар, а. и. «Чоӊ өмүр» (1939), «Истребителдер» (1940), «Эки жоокер» (1943) ж. б. кинофильмдерге да жазылган. Жазуучу катары «Глинканын керээзи», «Айлакер романы» (1993), «Кызык, кайгылуу жана күлкүлүү» (2003) ж. б. сатиралык чыгармалардын автору.