БОДУ~Н ДЕ КУРТЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДУ~Н ДЕ КУРТЕН ~ Иван Александрович [1 (13). 3. 1845, Польша, Разимин – 3. 11. 1929, Варшава] – орус-поляк тилчиси, славян, индевропа ж-а жалпы тил илими б-ча адис; Казан, Петербург лингв. мектептеринин негиздөөчүсү. Казан (1875–83), Юрьев (азыркы Тарту, 1883– 93), Краков (1893–99), Петербург (1900–18), Варшава (1918–19) ун-ттеринин проф. Краков ИАнын академиги (1887) ж-а Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1897). Анын негизги эмгектери фонет. алмашуулар м-н фонеманын теор. түзүлүшүнө арналган. Изилдөөлөрүндө синхрония м-н диахронияны ажыратуу принциби сакталып, тилдин өнүгүшүндөгү айрым мыйзамченемдер аныкталган. Ал – орус ж-а поляк тили, түштүк славян диалектологиясы б-ча баалуу эмгектердин автору. В. И. Далдын «Азыркы улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү» аттуу эмгегин редакторлоп, аны жаӊы материалдар м-н толуктаган (3-бас. 1903–09; 4-бас. 1912–14), тилди «коллективдүү-индивидуалдуу маӊыздагы психосоциалдык кубулуш» катары аныктаган. Дүйнөлүк тил илиминде алгачкылардан болуп тилдин элемент бирдиктери өзара аркыл карымкатыштагы система катары түшүнүүнү теор. жактан негиздеген. Фонема ж-а тыбыштардын алмашууларын негиздеген теор. жоболору аркылуу тил илимине сиӊирген эмгеги зор.