БОЗБУТОО МРАМОРЛОШКОН АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Жалалабат обл-нун Аксы р-нунда, Ташкөмүр ш-нан 24 км түн. тарапта, Бозбутоонун түн. капталында, деӊиз деӊг. 1220–1390 м бийиктикте. Кен аймагын төмөнкү пермь мезгилинде пайда болгон карбонат ж-а карбонат-терриген чөкмөтектери түзөт. Пайдалуу катмар мраморлошкон каралжын акиташтегинен турат. Агыш темгилдүү, майда бүртүкчөлүү. Механикалык жактан бекемдиги 94,8–100,5 МПа. Тоотек массивинен товардык блоктордун чыгышы 23,4– 35,9%. Запасы В категориясы б-ча 507,1 миӊ

м3, С –85,7 миӊ м3, С –151,0 миӊ м3.

зия м-н карбонат тектеринин кошулган жерлеринде пайда болгон скарндарда же акиташтектериндеги жаракаларда жайгашкан. Алар негизинен гранат-волластонит ж-а гранат-пироксен скарндарына топтолгон. Кенташтуу скарн кат марлары түн.-чыгыштан түн.-батышты көздөй 10 кмден ашык аралыкка созулат. Кендеги жездин орт. кондициялык өлчөмү 1,1%, коргошундуку 4% ж-а цинктики 4,3%, алтындыкы 1,93 г/т, күмүштүкү 13,2 г/т. Кен герцин металлогениялык доорунда пайда болгон. Кенташтын жалпы ресурсу 21792 миӊ т. Пайдалуу компоненттердин ресурсу: жездики – 243401 т, алтындыкы – 5623 кг, күмүштүкү – 38 т.