БОЗКЕМПИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗКЕМПИР , с о ф о р а (Sophora) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы дайым жашыл, анча чоӊ эмес дарак же бадал. Жалбырагы татаал канаттай. Гүлү сары, саргыч, агыш, сыякөк түстө, чачы же шыпыргыдай топгүлдүү. Чанагы цилиндрдей же төрт кырдуу. Май айында гүлдөп, мөмөсү августта бышып жетилет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү бар. Гриффит Б. Кырг-нда Разансай капчыгайында, Эчкилүүтоодо гана сейрек кездешкендиктен Кырг-ндын Кызыл китебине катталган. Япон Б. Кырг-нда кооздук үчүн өстүрүлөт. Фергана тоолорунда жапайы түрү өсөт. Суукка чыдамсыз. Уулуу өсүмдүк. Андан дары, инсектициддер, боёк алынат.