БОЗ ТҮШҮҮ
БОЗ ТҮШҮҮ – чаӊдын, түтүндүн ж. б. заттардын абада топтолушунун натыйжасында атмнын бир аз тунарып турган абалы. Көбүнчө боз түшүү чоӊ шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү ж-а жарым чөлдүү р-ндордо же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Б. т. күчөгөн убагында 1 км, кээде ага жетпеген аралыкта туман баскансып, атмосфера тунарып, жер даана көрүнбөй калат.