БОЗУНАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗУНАЧ (Anaphalis) – өсүмдүктүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу; көп жылдык чөп ж-а чала бадал. Сабагынын бийикт. 30–60 см, бутаксыз, айрымдары бутактанат, кээде баркыттай, түктүү. Жалбырагы кезектешип жайгашат, сапсыз, жээги тегиз, жыш түктүү, айрымдары түксүз. Эки же бир үйлүү өсүмдүктөр.


Себетчеси майда – 1,2 см, бирден же бир нечеси биригип калканчадай, башчадай тоголок же шыпыргыдай топгүлдү түзүп, сабактын учунда жайгашат. Гүлү түтүкчөдөй, түсү саргыч, ак, малакызгылт. Мөмөсү – сүйрү данча. Жержүзүндө 35 түрү тоолуу Азиянын тропик ж-а мелүүн р-ндорунда кездешет. Кырг-нда 4 түрү белгилүү, кургак боздоӊдо, дыӊ жерде, таштактуу бетте, сайда өсөт. Эл арасында ашказан ооруларын дарылоодо колдонулат.