БОЗУЧУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗУЧУК , Н о в о в о з н е с е н о в к а – Ысыккөл обл-нун Аксуу р-нундагы кыштак. Бозучук айыл өкмөтүнө караштуу. Бозучук суусунун ж-а Каракол – Сарыжаз автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 1730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол ш-нан 21 км чыгыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 253 км. Калкы 3152 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, үйбүлөлүк врачтар тобу, дарыкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, Бозучук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, мад-т үйү, клуб бар. Кыштакка жакын «Алтынбулак» жылуу суу м-н дарылануучу жай иштейт.