БОЙГО БҮТҮРБӨӨ
БОЙГО БҮТҮРБӨӨ , к о н т р а ц е п ц и я – бойго болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралар. Мында аялдын «тукумсуз» күндөрүн саноо, о. эле жыныстык катнашты бузуу көп учурларда натыйжасыз болуп чыгат. Бул учурда аборт жасатууга туура келет. Жыныстык катнашты бузуу эркек м-н аялдын денсоолугуна тескери таасир тийгизет. Аялдар аборт жасатпоо, организмге тескери таасир тийгизүүчү ыкмаларды колдонбоо үчүн врачка кайрылып, андан кеӊеш алуулары
керек. Врач Б. б. ыкмаларын ж-а каражаттарын сунуш кылып, аны пайдалануу жолдорун
үйрөтөт. Азыр Б. б. үчүн мех., хим. ж-а биол.
заттар колдонулат. Мех. каражаттар сперманы аялдын жыныс жолуна түшүрбөйт же жатындын былжыр челине жумуртканын жабышуусуна тоскоол кылат. Бул каражаттар колдонулбаса овуляция процесси тез калыбына келип, бойго бүтүп калышы мүмкүн. Аларды дайыма пайдалануудан этеккир аралыгында булгануу, кускусу келүү, баш ооруп, териге бүдүр чыгуу, кээде оор кабылдоолорго чалдыктыруусу мүмкүн.